1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Ушул документ (мындан ары – “Эрежелер”) “Жакшылык тартуула” кайрымдуулук маркетинг-акциясынын (мындан ары – “Акция”) баяндамасы болуп саналат жана Акцияны өткөрүүнүн тартибин, Акцияга катышуунун жана белектерди берүүнун шарттарын, ошондой эле Акциянын башка олуттуу шарттарын аныктайт.
1.2. Акциянын уюштуруучусу болуп “Бакай Банк” ААК (мындан ары – “Банк”) эсептелет.
1.3. Акциянын мөөнөтү 2024-жылдын 3-июлунан баштап 2024-жылдын 30-августуна (кошуп алганда) чейин уланат. Банк Акцияны өткөрүү мөөнөтүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү (токтотуу же узартуу) укугун өзүндө калтырат. Акциянын мөөнөтү өзгөргөн учурда Банк кардарларга Банкатын – www.bakai.kg сайтын (мындан ары – «Расмий сайт») аркылуу билдирүүгө милдеттүү.
1.4. Акциянын ар бир катышуучусу Акцияга катышуу менен, Акциянын бардык шарттарын окуп чыккандыгын, түшүнгөндүгүн, ошондой эле бардык шарттар жана жоболор менен эч кандай чектөөлөрсүз толук бойдон макул экендигин тастыктайт.
1.5. Акцияга төмөндө келтирилген бардык жеке адамдар катыша алышат:
• Кыргыз Республикасынын 16 жашка толгон жарандары, BakAi мобилдик тиркемесинин колдонуучулары.
• Банктын кызматкерлери, промоутерлерди, такшалуучуларды, декреттик өргүүдөгүлөрдү, Акция башталып жаткан учурда Банкка расмий түрдө эмгекке орношкон кызматкерлерди кошо алуу менен.
• Банктын жогорку кызматтагы адамдары жана кызматкерлери (Башкарманын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү), ошону менен бирге Банк менен аффилирленген жакатар.
• Кыргыз Республикасынын резидент эместери.

2. ЖАЛПЫ ТЕРМИНОЛОГИЯ

2.1. Кайрымдуулук маркетинг – бул кайрымдуулук жана социалдык демилгелерди алга жылдыруу жана колдоо үчүн маркетингдик усулдарды жана ресурстарды колдонуунун стратегиясы. BakAi тиркемесинин (мындан ары – «BakAi») учурдагы жана келечектеги колдонуучуларынын көңүлүн кайрымдуулук кампанияларга буруу, муктаж адамдарды колдоо жана кайрымдуулук долбоорлорду өнүктүрүү үчүн каражаттарды чогултуу, ошондой эле жагымдуу коомдук маанайды жана уюмдун жагымдуу беделин же брендин түзүү – кайрымдуулук маркетингдин максаты болуп саналат.
2.2. BakAi — бул Кардарга банктык эсептердеги акча каражаттарын мобилдик түзүлүш жана/же Интернет глобалдык компьютердик тармагы аркылуу башкаруу боюнча банктык кызматтарды сунуштоого арналган уюштуруучулук иш-чаралардын жана программалык-техникалык каражаттардын системасы.
2.3. Амбассадор – бул кайрымдулук демилгелерге же коомдук иштерге колдоо көрсөтүүчү белгилүү адам же таасирдүү өкүл. Акциянын Амбассодорлору маанилүү социалдык көйгөйлөргө коомдун көңүл буруу үчүн, кайрымдуулук максаттарга каражаттарды чогултуу үчүн, ошондой эле адамдарды кайрымдуулук долбоорлор тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана аларды колдоого дем берүү үчүн өздөрүнүн таанымалдыгын колдонушат.
2.4. BakAi тиркемесинин колдонуучусу—тиркемелердин расмий дүкөндөрүнөн BakAi тиркемесин жүктөп алган, аралыктан жана/же Банктын бөлүмдөрүнөн идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн жеке адам.
2.5. Тиркемелердин расмий дүкөндөрү - Android и iOS платформаларындагы түзүлүштөр үчүн мобилдик тиркемелердин санариптик дүкөндөү (Google Play, AppGallery и App Store).
2.6. Кайрымдуулук долбоору – кыйынчылык жашоо кырдаалында болгон же ар кандай түрдөгү муктаж адамдарга жардам жана колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн амбассадордун демилгеси же программасы. Муктаж адамдарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды чогултуу, материалдык жардам көрсөтүү, ресурстук колдоо көрсөтүү – кайрымдуулук долбоордун максаты болуп саналат.
2.7. Долбоорду колдоо – BakAi колдонуучуларынын тиркемеде көрсөтүлгөн кайрымдуулук долбоорлорго же амбассодорлордун демилгелерине акча каражаттары менен колдоо көрсөтүү мүмкүндүгү. Колдонуучулар каржылык колдоо көрсөтүү аркылуу кайрымдуулук максаттарды ишке ашырууга, муктаждарга жардам көрсөтүүгө, социалдык демилгелерди колдоого жана коомдун бакуаттуулугуна өбөлгө түзүүгө өз салымдарын кошо алышат.

3. АКЦИЯНЫН ЖАЛПЫ ФОНДУ

3.1. Акциянын жалпы фонду 5 000 000 (беш миллион) сом, алардын ичинен:
• Акция башталган учурда 2 000 000 (эки миллион) сом 4 долбоорго бирдей үлүштө б.а. 500 000 сомдон бөлүнөт.
• Калган 3 000 000 (үч миллион) сом Акция аяктаган учурга карата долбоорлордогу колдонуучулардын бардык добуштарынын үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүлөт.
3.2. Акция аяктаган учурда жалпы фонд кайрымдуулук жардам көрсөтүү үчүн долбоорлордун атайын эсептерине которулат.

4. АКЦИЯНЫН ШАРТТАРЫ

4.1. Катышуучу Акцияга катышуу үчүн BakAi тиркемесинин аралыктан же Банктын кеңселеринде идентификациядан ийгиликтүү өткөн колдонуучусу болуусу керек.
4.2. BakAiдагы Акциянын ар бир катышуучусуна авторизацияланган аймактагыбашкы менюда – “Акциялар” блогунда Амбассодорлор жана алардын долбоорлору менен таанышып чыгуу үчүн баннер жеткиликтүү болуусу керек.
4.3. Колдонуучуга Амбассодорлор, алардын долбоорлору менен таанышып чыгуу, ошондой эле добуш берүү жана колдоо көрсөтүү жеткиликтүү.
4.4. Колдонуучу 1 (бир) Амбассадор жана анын долбоору үчүн бир күндүн ичинде 1 (бир) добуш бере алат. Колдонуучуга долбоор үчүн кезектеги добуш берүү 24 сааттан кийин жеткиликтүү болот. Мурда берилген добушту өзгөртүу/жокко чыгаруу мүмкүн эмес.
4.5. Колдонуучу кайсы болбосун Амбассодорлордундолбоорлорун “Колдоо” баскычын басуу аркылуу акча каражаттары менен чектелбеген санда кошумча колдоо көрсөтө алат.
4.6. Колдонуучулар тарабынан кайрымдуулук долбоорлору үчүн жөнөтүлгөн акча каражаттарын жокко чыгаруу жана/же кайтарып алуу мүмкүндүгү каралган эмес.

5. КАТЫШУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ

5.1. Катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
• Акция тууралуу маалыматтарды ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн өлчөмдө жана тартипте алууга.
5.2. Катышуучунун Акцияга катушуусу анын ушул Эрежелер менен таанышып чыккандыгын жана алар менен макул экендигин билдирет.

6. БАНКТЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ

6.1. Банк Акция өткөрүүгө, ошондой эле утуштун суммасын кайрымдуулук долбоордун атайын эсебине ушул Эрежелерге ылайык берүүгө/которууга милдеттүү.
6.2. Банк Акциянын Эрежелерине кайсы убакта болбосун өзү каалагандай өзгөртүү киргизүүгө, ошондой эле Акцияны токтотулгандыгы, узартылгандыгы, Акциянын Эрежелерине өзгөртүү киргизилгендиги жөнүндөгү маалыматты Банктын Расмий сайтына жана Банктын расмий каналдарына (Instagram, Facebook жана башка социалдык тармактарга) жайгаштырууга укуктуу. Акциянын шарттарына киригизилген өзгөртүүлөр Расмий сайтка жайгаштырылат жана жайгаштырылгандан 10 жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТТАР ЖАНА АКЦИЯ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАРДЫ АЛУУ

7.1. BakAi тиркемесинин башкы менюсундагы Акция блогунда Акциянын кенен баяндамасы жана Амбассодорлордун бардык долбоорлорунун статистикалык маалыматтары камтылган баракча жеткиликтүү.
7.2. Статистика ар бир колдонуучуга төмөнкү түрдө жеткиликтүү:
• Акциянын бардык Катышуучуларынын ар бир долбоордогу добуштарынын саны.
• Бардык долбоорлорго карата добуштардын үлүштөрүнүн пайыздары (%).
• Акциянын Катышуучуларынын добуштарынын үлүшүнө жараша долбоорлордун жалпы суммасы.
• Ар бир долбоор боюнча Акциянын Катышуучуларынын кайрымдуулукка которгон каражаттарынын жалпы суммасы.
«Бакай Банк» ААКтын
“Жакшылык тартуула” акциясын өткөрүүнүн эрежелери

«БАКАЙ БАНК» ААК тарабынан сунушталуучу “Жакшылык тартуула” кайрымдуулук маркетинг-акциясынын шарттары